ТИМ: "Ооганстанда террорчулар туткундап алган кыргыз жараны бошотулган жок"

“Ооганстанда террорчулар туткундап алган кыргыз жараны бошотулган жок”. Бул тууралуу 15-майда Тышкы иштер министрлигиндеги журналисттер үчүн уюштурулган пресс-тур учурунда айтылды. Эске салсак, буга чейин бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү ММКлар 12-майда Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган Стамбулдагы митинг учурунда барымтага алынган 4 түрк жараны менен кошо кыргыз учкучу Нургазы Конушбековдун (сүрөттө) бошотулганын айтканы жарыялаган болчу. ТИМ Эрдогандын мындай сөз айтпаганын кабарлады. Эске салсак, Нургазы Конушбеков Ооганстанда эки өлкөнүн достугун өнүктүрүү максатында келишимдик негизде учкуч болуп иштеп жүргөн. 22-апрелде ал жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү бара жаткан тик учак авариялык абалга туш болуп, аталган өлкөдөгү Логар провинциясынын аймагына конууга аргасыз болушкан. Андан соң аларды террорчулар туткундап алышкан болчу. Бул маселе боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ооган бийлигине атайын кайрылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан