Базарда араба түртүп иштеген экинчи топтогу майыптын жер тилкесин кошунасы талашууда

Бишкекте экинчи топтогу майып, базарда иштеген арабакеч Советбек Абдрахмановдун сатып алган жер тилкесин кошунасы талашууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына ал өзү айтып берди.

"Мен өзүм мектеп жашынан бери 2-топтогу майыпмын. Тууган-уруктун жардамы менен Төмөнкү Ала-Арчадан 3 сотых жер сатып алганбыз. Өткөн жылы ноябрь айында чакан үй салып, көчүп кирдик. Колубузда 5 кызыбыз бар. Улуусу учурда 9-классты бүттү, кичүүсү 4 айлык. Кошунам короосун улам жылдырып дагы бир чакан там салууга ылайык жеримди ээлеп алып жатат. Эмнеге мындай кыласың десем "мен бул жерди саткан эмесмин" дейт. Ошол эле учурда сатып алган жеримдин документтери жок болчу. Кошунам ошондон пайдаланып жеримдин жарымын тартып алганы жатат", - деди ал.

Жерин тарттырып, арыз муңун эч кимге айта албай жүргөн Советбек Абдрахманов бул жерге демөөрчүлөрдүн жардамы менен медресе курууну пландоодо. Ал буга чейин кошунасынан бир канча жолу коркутуулар болгонун айтат.

"Кошунам колуңдан эч нерсе келбейт. Сенин үнүңдү эч ким укпайт. Ишенгениңди чакыр, сүйлөшүп коём" деген сөздөрдү айтып келди. Анын баарына чыдап жүрөм. Жакынкы күндөрдө курулуш үчүн таш төгүп баштады. Тиешелүү тараптарга арыз менен кайрылайын десем жердин документи жок. Айлам кетип отурам", - дейт Абдрахманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AykaMer
2017-06-07 16:09:07
Уят эле да бироонун 2 карыч жерин талашып... Жер талашып кайда барат. Баарибир ошол жерге барат. 5 кызы болсо,озу майып болсо ушул кошунана сооп кылгандын ордуна,озуно тозоктон уй алып жаткан экенсин да. Уятын жок неме экенсин... Орозо кундо жерин сооп кылып берип кой кайтарып...
+8
Shaa-82
2017-06-07 16:31:55
Келип келип байкуш араба менен кун коргон 5 балалуунун жери козуно корунуп атыптырбы? Болгону 3 эле сотых болсо. Ынсап, ыйман деген барбы ал адамда, уят эле кантип бети чыдап талашып атат кайтара жеринен кошуп берип койсон сооп болотго.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан