Адахан Мадумаров: "Атам, карындашым, кийин апамдын көзү өттү. Жоготуу ар бир инсандын көз карашын өзгөртөт экен"

Саясатчы Адахан Мадумаров SUPER.KG`нин түз эфиринде окурмандардын суроолоруна жооп берип жатат.

15:00. "Мен бир канча жылдан бери орозо кармайм. Ыйык Рамазан айында орозо кармагандардын тилеги кабыл болсун!" - дейт Адахан Мадумаров.

Суроо: 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого талапкер катары чыгарын Бакыт Төрөбаев айтты, сиз дагы катышуу максатыңыз бар экенин баарынан мурун билдирип чыккансыз. "Ата Мекен" Өмүрбек Текебаевди талапкер катары алып чыгуу чечимине келген. Садыр Жапаров дагы талапкерлигимди коём деген. Эми Келдибековдо да талапкер катары чыга турган аракеттер көрүнүп жатат. Учурдагы бийликти кескин сындап жаткандар биригип, бир талапкерге токтолууга мүмкүн болгон жокпу? Оппоненттери тарабынан бир нече талапкердин чыгуусу бийликтин эле пайдасына иштеп, добуштар чачырап кеткени жатпайбы. Эң негизги күрөш кимдердин арасында жүрөт деп күтүп жатасыз?

- Бул чачырап кетүү деген кооптонуу абдан туура, буга эки себеп бар. Биринчиси ички "шайтандар". Адамдын ичинде эгосу бар. Ошол козутуп турат. Сырткы "шайтандар" бириктирбейт. Ар кандай кызыктыруулар менен кандайдыр бир күчтөрдү бириктиргенге тоскоол болот. Аларды куурчак катары кабыл алсак болот. Тилекке каршы, элибиздин, анын ичинде саясатчылардын саясий маданияты ушунчалык төмөн болгону үчүн сиз айткан көрүнүштөр болуп жатат.

15:05. Суроо: Сиз айткан сырткы "шайтандар" бүгүнкү күндө бийлик деп эсептейсизби?

- Ооба, андан башка биздин элдин бирикпей калышына кимдин кызыкчылыгы бар эле? Ал сырткылардын сыртында дагы бир сырткылар бар. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекети өзүнүн эгемен саясатын жүргүзө албай калды. Сөзсүз түрдө өксүктүк оорусу бар. Айылда себетчи көп, шаарда серепчи көп дегендей, азыр баары бул мамлекет кимди колдойт экен деп турат. Биздин мамлекеттин тагдырын башка мамлекеттер карап берсин, өзүбүздүн акылыбыз, күчүбүз жетпейт го деген өксүктүк оорусунун кесепети - бул жалдыроо саясаты.

15:08. Суроо: Кыргыз коомчулугу өксүктүк оорусунан кантип айыгат?

- Сабаттуулукту жогорулатуу керек. Эркти бекемдөө керек. Ашказандын кулунан акылдын кулуна айлануу керек. Ар бир Кыргыз көкүрөгүндөгү улуттук ариетин, намысын бекемдөө керек. Жетелеме, оомо, сатып алсаң болот деп көп угуп калдык го. Мындай өксүк оорусунан айыгуу өтө кыйын.

15:10. Суроо: Быйыл таза шайлоо өтөбү? Таза шайлоо өтпөсө, анда эмнеге президенттик шайлоого Кыргыздан чыгаан, белгилүү саясий ишмерлерибиз аттанып жатат? Таза шайлоо өтпөшүн билсе да катышып жатышабы?

- Бул баягы эле саясий маданияттын деңгээлинен көз каранды. Бүгүн деле айтам, таза шайлоо өтпөйт. Таза шайлоо өтөт эгер кааласа деп момпосуйдун кагазына ороп сүйлөгөндөр бул ал жакка да, бул жакка да жаман көрүнгүсү келбегендер. Өзүн таппай жүргөндөр. Жакында жергиликтүү кеңештерде шайлоо өттү да. Анда 3-4 партиянын ортосунда добуштарды сатып алуу жүрдү. Кээ бир саясатчылар айтышпайт. Анткени жаман көрүнүштөн коркушат же алар өздөрү аралашкан. Жабылуу казан жабык бойдон калсын дейт. Чубак Жалилов добуштарды сатып алуулар, анын жоопкерчилиги боюнча сөз сүйлөптүр. Мен бул боюнча соңку 15 жылдан бери айтып келе жатам. Азабы жаман. Добушту сатып алгандын да, добушун саткандын да азабы бар.

15:13. Суроо: Сиздин Келдибеков жана Ташиев менен түзгөн триоңуз эмне болду? Ким президенттикке чыгат?

- Көп жазышты. Келдибеков жарыялаптыр го деп. Мен аны өзүнүн оозунан уга элекмин. Видеолорун көрдүм. Эми эл жакшы тилек менен атка отургузса отургузгандыр. Жакынкы күндөрдө, мүмкүн жакынкы сааттарда жолугуп, буюрса, маселеге чекитти коёбуз.

15:17. Суроо: Кыргыз качан оңолот? Президенттик шайлоо болот десем кимиси акча берсе ошону шайлайбыз дешет. Кыргызды бул абалдан кантип чыгарса болот?

- Биз акылдын кулу болбой ашказандын кулу болуп калдык. Жараткан "ар бир элдин пейилине жараша падыша берем. Бузулган коомго залим падыша берип ошол аркылуу жазалайбыз" дейт. Жер көчкү, жер титирөөлөрдү эскертүү катары кабыл албай жатабыз. Ашказандын кулу болгондон кийин акыл ашказанга баш ийип жатат. Бир жерде отуруп эсебин чыгардык, 2 миң сом алып 5 жылга шайласа, ал ар бир күнгө бөлгөндө 92 тыйындан туура келет экен. Ошондо сен 92 тыйынга 5 жылдык мамлекеттин тагдырын саттың. 92 тыйынга бир куту ширеңке дагы бербейт экен. Аң-сезимди көтөрүү үчүн биринчи ыйманга келтириш керек го. Ак менен караны, адал менен арамды аныктай билиш керек. Мамлекеттин жетекчилигинен баштап акыркы айыл өкмөт жетекчилерине чейин бүгүн сатуу, сатуу, сатуу да. Баары кызматты сатып алат. Мамлекеттин деңгээлинде түлөө өткөрүп, ыйман сурабасак болбойт. Элибиздин пейилин оңдош керек. Конституция деп кыйкырууну токтотуу зарыл. Бүгүнкү күндө элдин мамлекетке болгон ишенимин кайтаруу керек.

15:20. Суроо: Каркыра жөнүндө так жана чындыкты айтып бериңизчи? Мен сизди колдоп келгем жана колдой берем. Бирок көп жерден байкадым сиздин душмандарыңыз Каркыраны саткан деп гана каралай алат.
Ушул Каркыра жөнүндө элге чындыкты айтыңыз...

- Бекебай Мамытов деген укук жаатындагы адис бар. Ал "Каркыранын чындыгы кайда?" деген китеп жазып, 50 миң нускада чыгарган, бирок аны эч ким окубайт да. Атамбаев президент болордо "бутун кучактасам дагы кайтарам" деген, бирок ал тууралуу кийин сүйлөп дагы койгон жок. Мадумаров өкмөттөн бир сом жеп алды десе ишенбейт. Эмне табыш керек? Таптакыр эч кимдин акылы жетпеген нерсени табыш керек. Казак тарапка өтсөң "президентибиз Каркыраны Кыргызга өткөрүп жиберди" деп айтып жүрүшөт.

15:25. Суроо: Эгер президент болуп калсаңыз, биринчи ишиңизди эмнеден баштаар элеңиз?

- Тартип, тартип, дагы бир жолу тартип. 3 эле жылга баргым келет. Парламенттин санын кыскарткым келет. Биз 35 депутат болуп иштегенбиз. Бүгүнкүдөй сабатсыздык, баш аламандык болбойт эле. 3 жылдын ичинде Конституциянын ордуна келтирсе болот. Депутаттардын, ЖОЖдордун санын кыскартып, элге салмакмын. Эгер эл жактырбаса саясаттан кетет элем. Бийликке келгиси келген адамдын кеткиси келбей калат дегениңизди түшүнүп турам. Бул жашоодо сен падыша болдуңбу, башка болдуңбу аркы дүйнөгө барганда денеңди баары бир курт жейт. Ашказанды сыйлап, элин сыйлабагандарга баары бир, аларга жетим-жесирдин көз жашы деле баары бир.

15:28. Суроо: Эгер президент болуп калсаңыз, Кыргыздан коррупцияны жок кыла алам деп ойлойсузбу?

- Президент катары напсиңди тыйсаң, коррупция бир заматта жок болот. Жетекчи кандай болсо, эл бир заматта түзөлүп калат. Бардык тарабынан үлгү болуш керек.

15:30. Суроо: Атамбаев кандай президент болду сиз үчүн? Кылган иштерине жана кылып жаткан иштерине баа бере кетсеңиз?

- Атамбаев кандай президент болгонун мурун айткам, аны кайталабай эле коёюн.

15:32. Суроо: Бакиев менен мамилеңиз кандай? Эгер президент болсоңуз, Бакиевди Кыргыз жерине алып келесизби?

- Кийинки боло турган президенттерге үлгү болуп, элдин алдына келип кечирим сураш керек. "Ханы качкан элдин куну качат" дегендей, келсин дагы элден кечирим сурасын. Эл кечиреби аны өзү билет.

15:35. Суроо: Сиздин сүйлөгөнүңүздү угуп отурсак, улуу жана ыйык сөздөр айтылып жатат. Адатта мындай ойлорду саясатчыдан угуу өөн. Кинолордон көрүп калчу элем. Айыккыс дартка чалдыккан адам жашоонун баасын билип, башкача өмүр сүрүүгө өтөт эмеспи. Кудай сактасын, башыңыздан оор окуя өттүбү?

- Башымдан оор окуя өттү. Атамды жоготтум, андан көп узабай карындашымды жоготтум. Өткөн жылы апрелде 9 ай омурткасы сыздап, төрөп өстүргөн апамдын көзү өттү. Жоготуу ар бир инсандын дүйнөгө болгон көз карашын өзгөртүүгө себепчи болот. Ушундай эбегейсиз зор мээримди жоготтум. Мен өмүр бою алдыма койгон максатым - ата-энемди жер каратпай жашасам дегем.

15:40. Суроо: Ырчы Жоодарбешимдин "Балапан" деген ырынын сөзүн жазган экенсиз ушул жөнүндө айта кетсеңиз. Маанилүү дагы башка жазган ырларыңыз барбы?

- Жоодарбешим ырдап жүргөн ырды 30 жашымда жазгам. Трибунага чыккан сайын эч ким укпай койгондо жүрөктөн чыккан ыр болчу. Бүгүн ошол кездеги балапандар азыр 30га чыгышты. Ошол завод-фабрикалардын баары жоголду. 1995-жылы жазылган ыр эле. 22 жыл мурун жазган саптарым бүгүнкү күнгө дал келип жатат.

15:45. Суроо: Канча тил билесиз жана канча тилде сүйлөй аласыз?

- 5-6 тилди билем. Бул кыргыз тили. Баары жаман көрүшөт го тили менен буудай кууруйт деп. Анан казак тили, өзбек тили, орус тили, англис тили, түрк тили.

15:50. Суроо: Саясатка аралашканыңызга өкүнбөйсүзбү?

- Саясатка аралашканыма бир чети катуу өкүнөм. Сага рахмат айткан киши болбойт экен. Өлкөнү кандай деңгээлге жеткирген Исхак Раззаковго эч ким ыраазы болгон жок. Шаардын келбети кандай эле, 25 жылда Турдакун Усубалиев аны кандай деңгээлге чыгарды? Ага деле рахмат айткан киши болгон жок. Кой оозунан чөп албаган Апсамат Масалиевге деле эч ким ыраазычылык айткан жок. Ар кандай ушак сөздөр, каралоо менен баары сүйлөп, бетин жууганы да жуубаганы да айтып, асылып жүрүп баары жеп бүттү. Тескерисинче, ырчы болсоң жакшы экен. Тойлорго чакырат, барып берсең сүйүнөт, чөнтөгүңө тыйын салып берет. Аны элдин баары жакшы көрөт. Эмне иш кылып жатканы менен элдин иши жок. Ырахаттануу менен карап турат. Жараткан ар бир адамдын желкесине жүк артат. Ар бир кишинин тагдыры өзүнө жараша. Кейий бергендин кажети жок.

15:55. Суроо: Азыркы бийликтин былыктарын чукуп, чындыкты чыркырата сүйлөгөн саясатчы депутаттарыбыз Текебаев жана Жапаров камакта отурушат. Сиз да чындыкты сүйлөйсүз, коркпойсузбу ошолордун жанына барып калам деп?

- 40 жыл кыргын болсо, ажал жетпесе чымын өлбөйт. Тагдырды эч ким өзгөртө албайт. Чындыкты айтсам камап коёт экен деп жашоо өзүн-өзү капаска салуу. Адамдын жүрөгү эркин болушу керек. Бүгүн эрксиздердин саясаты жүрүп жатат. Коркуу сезими жок. Бардык нерсени Жараткандан деп билүү керек. Жараткан күнүңдү эсептеп койгон болсо, эл сага бир күн кошуп бере албайт.

Адахан Мадумаров: "Бүгүн деле айтам, таза шайлоо өтпөйт"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Makain
2017-06-07 16:07:24
Шайлоодон отпой калсаныз кайра митинг кыласызбы
-6
abusait
2017-06-07 16:19:10
Супердин озунун суроолору эле даяр бул кишиге.
+5
aselushka
2017-06-07 16:30:57
Шайлоо буткучо Атамбаев жонундо айтпай турганы дурус, болбосо жок жерден куноо таап, шыбап баштайт
+4
Tyty1990
2017-06-07 16:31:59
Ырчы болбойт белең
-24
matilla
2017-06-07 16:52:51
Каркыра боюнча дагы эле так жооп жок
-17
tulpar90
2017-06-07 16:58:43
Каркыра жайлоосу боюнча Аскар Акаевден сурасаң кенен айтып берет. Жалгыз Мадумаров саткан эмес да. Ал жерде канчалаган адамдардын колу коюлган.
+9
CEO
2017-06-07 17:03:02
tulpar90, Каркыра Акаев эмес, Бакиев президент болуп турганда сатылган. Акаев Узонгу-Куушту саткан!
+4
tulpar90
2017-06-07 18:34:19
CEO, тескерисинче!
0
Muratmipa
2017-06-07 19:13:39
CEO,кол Акаевтин убагында коюлуп буткон болчу уже давно
0
CEO
2017-06-07 17:01:43
Биздин суроолор жок го, супер айтып койсо болмок, суроо берип убара тартпагыла, озубуздун суроолор жетиштуу деп...
+3
salimbek87.kg
2017-06-07 17:14:23
Супер эмне учун Ватсаптан жиберген суроону чыгарбадыныздар??
+3
12.12.12
2017-06-07 17:21:31
Рахмат, менин суроодум окуду. Дагы башкаларды кутобуз
+1
legion-arbat
2017-06-07 17:46:39
Тим эле тибирейсинго ХХХ, элдин башын айландырышты билесин.
-14
CEO
2017-06-07 21:16:37
Абдан жакшы, маныздуу маек болуптур. Бирок окунучтуусу журналисттер кайра эле интрига издеп Мадумаровдун создорун бурмалап салышыптыр кун жыйынтыгын чыгарганда. Биринчиси Мадумаровко бийликтен сунуш тушуп Мадумаров ага конулдуу экенин жазышыптыр, эмнеге ошону Мадумаровдун озунон тактабадынар, жалган жалаа кимге керек эле?!

Экинчиси Мадумаров 3 жыл ичинде бир топ озгоруу жасаса болорун жана эгер эл анын бийликте калуусуна каршы болсо кызматтан кетээрин айтты, эл каршы болсо!
+10
CEO
2017-06-07 21:22:43
Учунчусу Мадумаровду такыба корунуп элдин диндар катмарын озуно тарткысы келгенин жазыптыр. Демек Мадумаров болобу Ташиев же Жапаров болобу журналисттер ушундай чындыктан алыс ушак-айын таратарынан коркуп намаз окубай, Кудайды оозанбашы керек экен да...


Акыркысы Мадумаровду Атамбаевке салыштырып окшотушуптур, Атамбаев куру убада берип элди алдаган, Мадумаров да ошол деп... Беш манжа бирдей эмес деген кеп бар. Мадумаровду Атамбаевке окшоткондорго соз жок айтаарга!!!!
+10
Edward.14
2017-06-07 23:00:26
CEO,Туура айтасыз! Журналистер элге так жана туура маалымат жеткизгилечи!
Мадумаров качан бийлик менен иштешем дептир?
+4
Attila88
2017-06-08 00:02:54
эхх атасыбай дагы точно бирдекни баштайт.анткени казакстанга сапарга барат экен.текебаев жапаровтор камалат эртенки сотто.себеби ташиевти камаганда,мырзакматовту чукулап баштап коюп шайкаларына бжоготууну буйрук берип ал чет олколорго кеткен.на всякий случий эл которуш кылса мени кармап албасын деп.кыргыщда уйдо баатыр жолдо жок деген соз бар.ашага путин гкнб барда баатыр митингде жок.
0
Mech.kg
2017-06-08 00:55:51
Мадумаров Алгаа сиз президент болсонуз Аллах буйруса .патриот ,чыныгы.
+6
admin_superstan
2017-06-08 13:48:53
Ladys, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан