Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 8-10-июнь күндөрү Казакстандын баш калаасы Астана шаарында жумушчу сапары менен болот. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
“Визиттин алкагында президент Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчылары кеңешинин кезектеги отурумуна катышат. Ошондой эле ШКУга мүчө өлкө башчылары менен биргеликте “ЭКСПО-2017” көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышат”, - деп айтылат маалыматта.