КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев жарандардын жеке идентификациялык номерлерин берүүдө ката кетирген Социалдык фонддун кызматкерлери мыйзамдын негизинде жооп бериши керек экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 7-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
Ал билдиргендей, мындай катадан улам учурда көптөгөн жарандарда көйгөйлөр жаралып жатат. “Жакында мага бир жигит кайрылды. Анын паспорту жараксыз деп табылыптыр. Себеби анын жынысын туура эмес жазып коюшуптур. Эми ал бир да чет мамлекетке чыга албай жатат. Бул мыйзам долбоорду кабыл алуу менен Социалдык фонддун кызматкерлерин жоопко тартуу керек”, - деди депутат.
Жыйында жеке идентификациялык номерди берүүнү жөнгө салуучу нормалар бөлүгүндө мыйзамдарды өзгөртүүгө, объективдүү себептер менен келип чыккан учурларда аны өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.