Ош-Исфана жолунда Патрулдук милициянын кызматкери сүзүп кеткен 12 жашар кыздын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда SUPER.KG порталына Ош облустук балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Калдар Айбашов билдирди.
"Жол кырсыгына кабылып ооруканага жеткирилген кыздын абалы жакшырып, учурда өз алдынча басып калды. Бир палатада чогуу жаткандар менен сүйлөшүп, маанайы жакшы. Тамак жегени да калыптанып, табити өз ордунда. Эки, үч күн аралыгында үйүнө чыгарабыз", - деп билдирди Айбашов.
Эске салсак, буга чейин 31-май күнү Ош ОИИБинин Патрулдук милиция кызматкери өспүрүм кызды сүзүп кеткен.