Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер: "Урматтуу президент, сиздин кетериңизге аз калды. Бизди угуп коюңуз"

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун айрым мүчөлөрү коомдун жетекчиси Марат Ташбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевге нааразы. Алар нааразычылыгын бүгүн, 7-июнда Ак үйдүн алдына өткөргөн митингде айтып чыгышты. Көзү азиздер дана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Жамиля Темирбаеванын апасы Калбүбү Ашыраливанын айтымында, коомдун мүчөлөрү жетекчиликтин туура эмес аракетинен улам кыйналып жатышат.

“Урматтуу президент Алмазбек Атамбаев, сизге туура эмес маалыматтар жетип жатат окшойт. Коомдун мүчөлөрүнүн абалы өтө начар болуп, көчөдө тилемчилик кылып жашап жатышат. Көңүл буруп, жашоо-шартын эч ким ойлобойт. Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчиси Марат Ташбаев өз билгенин жасап, жетекчилик кыла албай жатат. Анын ордуна аталган коомдогу билимдүү жаштардан коюп берсеңиздер. Бул коомдо өтө коррупциялык иштер орун алууда. Ошондуктан коомдун мүчөлөрү запкы жешүүдө. Депутат Дастан Бекешевге кайрылсак, ал кайра Ташбаевдин сөзүн сүйлөөдө. Сиздин президенттиктен кетериңизге аз гана убакыт калды. Ошондуктан биздин көйгөйүбүздү угуп коюуңузду суранабыз”, - деди Ашыралиева.

Аталган маселе боюнча Марат Ташбаев жана депутат Дастан Бекешевдин жообун жакынкы аралыкта жарыялайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан