Сел жүргөн аймакта калып калган туристтерге жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда сел калдыктары түшкөн жолдо калып калган чет элдик туристтерге куткаруучулар жардам көрсөтүштү. Мындай маалыматты бүгүн, 7-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак районунда ушул жылдын 6-июнь күнү катуу жааган жамгырдан, Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 76-чакырымында жолго сел суулары менен сел калдыктары түшүп, натыйжада жол эки тарабынан тосулуп калган.

Жалал-Абаддан Нарын облусун көздөй мотоцикл менен бара жатып жолдо калган чет элдик туристтерге ӨКМнын куткаруучулары жардам көрсөтүп, жолго түшкөн сел калдыктарынан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында алар өз багыты менен жолун улап кетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nargiza1987k
2017-06-07 21:35:57
Азаматтар эми булар жерине барганда бизди айтышаттыр жардам беришти деп. Хотябы ушунтип иштесенерчи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан