Кыргыз өлкөсү саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары боюнча Орто Азия өлкөлөрүнөн алдыда экендиги айтылды

Кыргыз өлкөсү билим берүү жана саламаттыкты сактоо жаатында Орто Азия өлкөлөрүнүн алдынкы сабында турат. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда БУУнун "Соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун алкагында өткөн "Кыргыз Республикасындагы соода жана адамдык өнүгүү" аттуу маалымат жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө эксперт Савия Хасанова өлкөдөгү мектеп курагындагы балдардын 99 пайызы мектепке бара турганын, Орто Азиядагы айрым мамлекеттерге салыштырмалуу бул жакшы көрсөткүч экенин белгиледи.

"Биз адамдардын өнүгүүсүнө түздөн-түз тиешеси бар саламаттыкты сактоо, билим берүү жана экономика тармактарында 2 жыл изилдөөлөрдү жүргүздүк. Натыйжада саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагы жакшы абалда экендиги аныкталды. Бирок өлкө экономикалык жактан абдан аксап турат", - дейт Хасанова.

Ал белгилегендей, учурда адамдардын өнүгүүсү боюнча Кыргыз мамлекети дүйнө боюнча 120-орунда турат. Ал эми экономикалык абалы боюнча 152-катарда.

Адамдардын өнүгүүсү боюнча доклад БУУнун өнүктүрүү программасынын жыйынтык чыгаруу боюнча негизги басылмасы болуп саналат жана ал көз карандысыз топ тарабынан даярдалат. Биринчи жолу доклад 1992-жылы жазылып, жарыяланган. Ушул күнгө чейин дүйнө боюнча 700дөн ашуун доклад жазылган. Анда жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүүлөр аркылуу изилдөө жүргүзүлүп, саясатка баа берилет. Докладда климаттын өзгөрүүсү, жаштар арасындагы жумушсуздук, этностук теңсиздик жаатындагы өзгөрүүлөр тууралуу баяндалат.

"Соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун координатору Урмат Такировдун билдирүүсүнө караган иш-чарада өлкөдөгү соода тармагынын, экономиканын адамдык өнүгүүгө тийгизген таасири тууралуу докладдар болот. Аларды Кыргыз бийлигине көз карандысыз жергиликтүү жана эл аралык эксперттер биримдиги жасайт. Алар 2 жылдан бери Кыргыз жергесинин бардык аймактарында адамдык өнүгүүсүн иликтешкен.

Иликтөөнүн жыйынтыгы менен бөлүшүп кемчиликтерди жоюунун жолдорун сунуш кылышат. Ага президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөттүк аппаратынын кызматкерлери, жеке ишкерлер жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
aibars
2017-06-07 19:23:25
Биздин алкымы чондор ар жактан жула качып, уурдашпаса мындан дагы жакшы корсоткучторго жетебиз.
+6
abusait
2017-06-07 19:28:10
Кооп ордокторду учуруптурго эжекебиз.. . Коррупция кайнаган тармак дал ушу медицина жана билим беруу министрлиги болуп эсептелееет..(((
+15
Riokyrgyz
2017-06-07 20:21:54
99 пайызы барганы менен,99 пайызы окубайт.Жакшы конул бурушпайт жогору жактагылар.медицина жагына соз жок,баарына белгилуу.
+5
kychan.98
2017-06-08 02:14:57
Riokyrgyz,ордокторунорду качан учурганды токтотосунар .
0
bars_wire
2017-06-07 19:46:05
Кокуй десе алдыда экенбизби?
+6
bond02
2017-06-07 19:55:29
Ушул тармактардагы коррупция боюнча десе туура болчудай.
+8
CEO
2017-06-07 20:49:31
Каратып туруп оозу мурду кыйшайбай калп айткандар кобойду. Биринчиден оспурумдордун 99%ти окууга барат дегени карандай калп. Канчалаган балдар араба туртуп базарларда журот... Эч болбосо 90% десе ишенмекпиз. Экинчиден билим беруу сапаты кескин томондоп кеткен. Эмнеге аны айтпайт? Эмнеге бул тармактагы коррупцияны айтпайт?!!

Саламаттыкты сактоо тармагынын абалы мышык ыйлагыдай. Биринчиден сапаттуу дарылоо деген нерсе жок. Экинчиден бул тармактагы коррупцияны айтпай эле коелу!
+6
AKCAHAT
2017-06-07 22:42:02
Статистика дагы коррупция)))))
+1
raykray
2017-06-07 23:36:58
калпта кантип ишенесинер, бир эле мисал улуттук вод.права мн иштей бересинер деп алдап туруп 1-июнь келгенде баары шок болду
+2
kamanaresi
2017-06-08 01:20:02
Айта берет
+2
sladkaja_konfetka
2017-06-08 02:02:27
Ишенбейм!
+2
bakulya2015
2017-06-08 07:57:50
Уят эле тооба кылдым. Жалган айтып кубардырбай,чындыкты айтып кубандырган жакшыдыр. Саламаттыкты сактоо жана билим беруу тармагында акча суудай агатго. Негизи окуу жайлар кыскартып сапаттуу билим беруу керек. Бирок жогоруда тартип кандай болсо бул жактада дал ушундай болотда.
+1
Best.bakyt
2017-06-08 08:05:00
Медицина тармагында биздегидей акулалар жок го эч жерде. Калпты ченеп айтсакчы. Саламаттык сактоо министрлиги кашасы чыгып эмне болуп атканын озу билбей еалды министр сорой. Медицина тармагына да ушунча сабатсыз адамды министр кылабы.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан