SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сулуу, обу жок кыздарды ким алат?" деген тема талкууга алынууда.
Темада автор мындай суроо салган: "Биз, эркектер сулуу, обу жок кыздар менен жүрүп, үйлөнгөнгө келгенде созулган кызды алабыз. Анда обу жок, сулуу кыздарды ким алат? Бир аз аңкоо жигиттер башы айланып, билбей үйлөнүп алышабы?"
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кыска кийинип, обу жоктонуп көчөдө эле тентип жүргөн кыздарды ким алат дейсиң? Аларды ачыгын айтканда, балдар башка максатта карашат жана ошого өздөрү себепкер. Баарыбыз эле байкасак керек, байкелер сулуу-сулуу, ачык кийинип жүргөн кыздар менен жүрүп алат дагы, аял аларда "мындай эле" кыздарды алып алышат. Бирок мен бардык сулуу кыздарды андай дегенден алысмын".
"Сурооңдун жообу эзелтен белгилүү: сен алган созулган кыз башкалар менен жүргөндө обу жок болчу".
"Жакшы кыздардын баркына жетип койгондой жазыпсыңар го. Ошол ачык кийинип жүргөн кыз да бирөөнүн карындашы же кызы экенин эсиңерден чыгарбагыла. Ал кыз, мейли миң жолу ачык кийинсе да, силер жаман ойлобой эркектик, жакшы акыл-наасат сөзүңөрдү айтып койгонго тилиңер кыскабы? Мынчалык кыздарды кордобосоңорчу. Жашоо - бумеранг".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.