Чүй облусунда жүргүнчү айымды зордуктаган таксист колго түштү

Чүй облусунда жүргүнчү кызды зордуктаган таксист колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Окуя Беловодск айылында 9-май күнү катталган. Бул боюнча 35 жаштагы Чоң-Арык айылынын жашоочусу милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш айдоочу күч колдонуу менен зордуктаганын айткан. Бул боюнча Чүй ОИИБинин кызматкерлери иликтөө учурунда шектүү катары 26 жаштагы Жалал-Абад облусунун тургунун колго түшүрүштү. Учурда Кылмыш кодексинин 129-беренеси (зордуктоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynara81
2013-05-15 18:09:25
Олгону калган го бу эркектер(баары эмес албетте). Зордуктоо деген кун санап осуп атат го.
0
dikeii
2013-05-16 07:52:04
чондор кайдагы бир иштебеген кагаз турундо ишке ашкан чечимди чыгарбай, мындай элге жардымы тийе турган иштерди кабыл алгылачы сураныч. зордуктоо фактысына катуу чара колдонбосо бизде ото коп катталып жатат, ушул койгой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан