"Кара-Кулжа районундагы 8 миллион сомго курулган көпүрөнү калыбына келтирүү көп эмгекти талап кылат. Ал жаратылыш кырсыгынан улам жарактан чыккан", - деди бүгүн, 7-июнда райондун акиминин орун басары Бекболот Мажитов SUPER.KG порталына.
Анын айтымында, курулушка кеткен чыгымдын 2 миллион сомун айыл өкмөт башчысы салым катары кошкон. Калган 6 миллион сому коомдук фонд тарабынан каржыланган.
"Бул көпүрөдөн 4 айыл жайлоого, үлүш жерлерине каттачу. Кырсык болгондон кийин унаа каттамы жок болуп калды. Айылдын эли ат, эшек менен каттап жатышат. Эми аны кайрадан калыбына келтирүү үчүн убакыт талап кылынат. Аны айыл өкмөт азыркы убакта кайра кура албайт", - дейт Мажитов.
Маалыматка ылайык, аталган көпүрөдөн Биймырза, Сары-Камыш, 1-Май, Кара-Кулжа айылынын элдери жайлоого каттап чарба иштерин аткарып келишкен.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабар" рубрикасына "8 миллион сомго курулган көпүрөнү сел алып кетти" деп билдирген.