Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейине Кыргыздын түрдүү аймактарынан алынган 44 уникалдуу белдемчи көргөзмөгө коюлду. Буга чейин белдемчиге арналган иш-чаралар дээрлик өткөн эмес. Анда салттык кийимдин илгерки үлгүлөрүнөн тарта, заманбап түрлөрүнө чейин камтылган. Бул тууралуу SUPER.KG`ге "Миң кыял" коомдук фондунун жетекчиси, дизайнер Айдай Асангулова билдирди.
Ошондой эле ал көргөзмөдө "Кийиз дүйнө - көчмөн руху" долбоорунун катышуучулары керме-сайма боюнча мастер-класс көрсөтүшкөнүн кошумчалай кетти.
Белгилей кетсек, белдемчи кыргыздын эң байыркы эл экендигин далилдеген кийимдеринин бири. Ал биринчи бала тѳрѳгѳндѳн баштап кийилген. Уруулук жана аймактар аралык ѳзгѳчѳлѳнүп, колдонулган кездеме, бычылыш, тигилишинен жана саймаланып кооздолушунан айырмаланат. Ал жылуу, ыңгайлуу жана кѳрктүү. Ар бир белдемчи уздун чеберчилигине жараша болот.
Көргөзмө 7-июлга чейин уланат.