Чүй облусунун Панфилов районунда 5-июнда жоголуп кеткен 12 жаштагы Рамазан Дүйшөнбеков, 9 жаштагы Тахмина Дүйшөнбекова жана 10 жаштагы Айгерим Сыдыкова Өзгөн районунан эмес, Кызыл-Кыя шаарынан табылган. Мындай маалыматты Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев SUPER.KG'ге тастыктады. Анын кабарлашынча, балдар учурда аталган шаардагы балдардын кризистик борборунда кармалууда.
"Алгач Өзгөн районунан көргөндөр болгондуктан ошол жерден табылды деп туура эмес маалымат берилип кеткен. Бирок балдар Кызыл-Кыя шаарындагы автобекеттен милиция кызматкерлери тарабынан табылды. Балдардын биринин таенеси Ноокат районундагы Абшыр-Сай деген айылда жашагандыктан экөөнү "таенемдикине барып келебиз" деп ээрчитип келе берген. Бирок адашып калышып Кызыл-Кыяга келишкен. Учурда ата-энелери келе элегинен улам балдар кризистик борбордо кармалышууда. Алар Чүй облусунан бери кантип жана эмне менен келип калгандыктары такталууда", - деди Аширбаев.
Буга чейин Чүй ОИИББинин маалымат кызматы балдар Өзгөн районунан табылганын кабарлаган. Рамазан менен Тахмина бир туугандар болсо, Айгерим алардын кошунасы болгон.