Моюнга жоолук ороп жүрүүнү модага киргизген англиялык Жорж Браммелл Лондон шаарында 1778-жылы төрөлгөн. Ал чоң чиновниктин баласы болгон. Келечектеги англиялык "денди" ( "Денди" деп сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөп жүргөн, баскан-турганы, сүйлөгөнү жагынан айырмаланган, XIX кылымдагы социалдык катмардагы маданияттуу эркек кишилерди айтышкан) падыша үй-бүлөлөрү менен алакада болуп, ханзаада Георг IV менен жакын дос болгон. Замандаштары ага "Сулуу Бреммелл" деген ат коюп алышкан. Ал жоолукту моюнга салып жүрүүнү модага киргизгенден тышкары заманбап кара костюмду галстук менен кийүүнү да модага кошкон. Ал өзү дайыма аппак көйнөк менен галстук же моюнуна жука жоолук байлап жүргөн. Ушул эле комплект менен ак же башка түстөгү жилет, ак панталон же денеге чыпташкан бриджи, кара же көк түстөгү этеги узун латун топчулары бар костюм (сюртук) жана кара ботфорт (тизеден ашкан узун өтүк) кийип жүргөн. Бара-бара бул кийинүү стили падыша жана ак сөөктөрдүн үй-бүлөлөрүнө кенен жайылып, жыл өткөн сайын заманбапташып жүрүп отурган. Ал атасынан калган мурастын баарын ырахаттанып жашоого короткон.
Азыркыга чейин этикет деп эсептелип келген нерсенин көпчүлүгүн Жорж Браммелл киргизгени айтылат. Ал бат-баттан жуунуп гигиенаны сактап, бир күндө бир нече жолу кийимин алмаштырып турган. Өзүнө кам көрүүдө денесин аттын жалынан жасалган щётка менен жууган.