Бишкекте ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Бүгүн, 8-июнда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйыны өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында ЖККУ алкагында аскердик-экономикалык кызматташуу багытындагы актуалдуу маселелер каралат.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков, Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Дмитрий Рогозин, Армения Республикасынын коргоо министринин орун басары Давид Пахчанян, Беларусь Республикасынын аскердик-өндүрүш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Дмитрий Пантус, Казакстан Республикасынын коргоо министринин орун басары Талгат Жанжуменов, Тажикстан Республикасынын өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шавкат Бобозода жана ЖККУнун баш катчысынын орун басары Валерий Семериков катышат.

ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташтыгы боюнча мамлекеттер аралык комиссиясынын XV жыйынынын соңунда бир катар документтерге кол коюу пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан