АКШнын мурунку президенти Барак Обама 8 жыл бою салтанаттуу иш-чараларга бир эле смокинг кийип жүргөнү айтылды. Бул тууралуу анын аялы Мишель Обама айтканын "Daily Mail" басылмасы жазып чыкты.
Маалыматта "Apple" компаниясы Калифорния штатынын Сан-Хосе шаарында өткөргөн "WWDC 2017" конференциясында мурунку биринчи айым сөз сүйлөгөнү айтылат. Ага берилген суроолордун бирине жооп берип жатып, Мишель Обама эл анын кийген кийимдеринен дайыма кыйкым таап келгенин, бирок күйөөсүнүн өзгөрбөгөн костюмуна көӊүл бурушпаганын айтып, даттанып алган.
"Жолдошум бийликте турган учурунда 8 жыл бою иш-чараларга бир эле костюм, батинкени кийип барганын өзгөрткөн жок. Биз эмне кылбайлы, ал кийимин өзгөрткөн жок. Бирок бул жылдар аралыгында Барак Обама ошол эле костюм, шым, ошол эле бут кийимди кийип жүргөнүн эч ким байкаган жок. Ал бул нерсе менен сыймыктанчу. "Мына, мен кийиндим. Болгону 10 мүнөт. А сен эмне мынча көпкө даярданасыӊ?" дечү. Мен ага "сен эмне шылдыӊдап жатасыӊбы?" деп жооп узатчумун", - деп билдирген Мишель Обама.
Белгилей кетсек, 2-июнда Обаманын үй-бүлөсү Вашингтон шаарындагы престиждүү райондордун биринен баасы 8 миллион 100 миӊ долларга үй сатып алганы белгилүү болду.