6-июнда Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги консулдук маселелер боюнча пикир алышты. Анда кыргыз тарап Кыргыздын айдоочулук күбөлүгү менен унаа каражатын башкарууга (ишкерлик жана эмгек ишмердүүлүгү түздөн-түз унаа каражаты менен байланышкан) аталган өлкөдө 2017-жылдын 1-июнунан тартып тыюу салуусу боюнча маселе көтөрдү. Бул тууралуу министрликтин расмий сайтында маалымдалат.
Кыргыз тараптын пикири боюнча, көрсөтүлгөн чектөө Биримдиктин базалык принциптерине каршы келгендиктен – ЕАЭБге (Евразиялык экономикалык биримдик) мүчө мамлекеттердин жарандарына колдонулбашы керек.
Ал эми Орусия тарап бул маселе ЕАЭБдин алкагында өзүнчө макулдашуу түзүү аркылуу каралышы керек деп эсептейт. Ошондой эле мыйзам сыйлаган чет өлкөлүк жарандарда айдоочулук күбөлүктү алмаштырып алууга толук мүмкүнчүлүк бар болгонун (2013-жылдан 2015-жылга чейин, 2015-жылдан 2017-жылга чейин атайы узартылган мөөнөттөрдө) баса белгилеп кетти.
Белгилей кетсек, 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөлөрдүн айдоочулук күбөлүктөрү менен жеке ишкерлик менен алектенүү үчүн унаа айдоого тыюу салынары белгилүү болгон.
Буга чейин окурмандар да SUPER.KG`ге "Кыргыз өлкөсүндө алынган айдоочулук күбөлүк эл аралык стандартка туура келбегендиктен Орусияда жараксыз болууда" деп кайрылышкан.