Сергей Шойгу: "Кыргыз менен Тажикстанда Орусиянын аскердик таасири күчөйт"

Орусия Кыргыздагы жана Тажикстандагы аскердик базаларын аскердик куралдандыруу жаатындагы иштерин өркүндөтүүнү улантат. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун Казакстанда өтүп жаткан саммитинде Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Бул тууралуу 7-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Сергей Шойгу Орусия террордук аракеттерди Ооганстандан Борбордук Азияга өтүүсүнө каршы аракеттерди көрүп жатканын, бул максатта Кыргыз мамлекетиндеги жана Тажикстандагы Орусиянын аскердик базалары жаңы аскердик техникалары менен камсыз болгонун белгилеген.

Министр "Ислам мамлекети" террордук уюмунун бир гана Сирия жана Ирак менен чектелбегенин, аталган уюмдун согушкерлери Ооганстанда дагы бар экенин айткан. "Ооганстандагы кырдаал начарлап жатат. АКШ баш болгон эл аралык коалициянын операциясы өлкөгө тынчтыкты алып келген жок", - деди Сергей Шойгу.

Шойгу Ооганстанда Ислам мамлекетинин согушкерлеринин саны 3 жарым миңден ашып жатканы коңшу мамлекеттер үчүн өзгөчө кооптондурууну жаратарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
futboler
2017-06-08 10:22:38
Кыргызстан деп жазгыла
+7
MES
2017-06-08 10:26:27
Эмне үчүн ушинтип жазышат?
Кыргызстан
+6
ekaterinburg
2017-06-08 11:23:52
MES,ичишкен бейм кечээ...
+1
ozgeldi
2017-06-08 10:41:14
Оздорунун кызыкчылыгы бул жон эле..терорлор кирип келсе кантип 1000ин жок кыла албасын 6 миллион калкы бар мамлекет
-8
Ashygym
2017-06-08 11:26:52
ozgeldi,6 млн эмес 23 млн калкы бар Сирияны деле талкалап коюштуго!
+3
Leilektik
2017-06-08 11:31:52
ozgeldi,суйлоп койдунда сендагы 6миллион деп!терористер кирип келсе штанынды тетири киргизип койот,турмодон качкан 4адамды зорго олтурду эсинден чыктыбы тез еле
+7
elchi84
2017-06-08 10:42:16
Кахазстан?
+1
barsa30
2017-06-08 11:14:59
чынында мага кыргызстан деген аталыш жакпайт кыргыз өлкөсүнүн же кыргыз республикасынын деген нормага ылайыктуу го дейм.
-2
futboler
2017-06-08 11:36:45
barsa30,жакпаса кочуп кет, ак жол
0
futboler
2017-06-08 14:54:11
Ооууу, турдунарбы
0
KG.2606.Noo
2017-06-08 15:27:28
Оруся дебестен.биздин империя ар дайым колдоо корсоттот кыргызына десе..оооо демекмин )))~
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан