Депутат Ош-Бишкек унаа жолунда күн ысыган маалда жүк ташуучу унаалар кечинде гана жүрүүсүн сунуштады

Бүгүн, 8-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов Ош-Бишкек, Ош-Баткен унаа жолдорунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизүүнү сунуштады.

Ал билдиргендей, жылына канча адам бүгүнкү күндө жол кырсыгынан каза таап жатат. "Каза тапкандардын арасында 18-25 жашка чейинки жарандар болууда. Чектөө киргизүүнүн себеби жайдын күнү жүк ташуучу унаалар таксилер менен жарышып жүрүп жатат. Күндүн ысыгында асфальт эрийт. Транспорт жана жол министрлиги асфальтты жамагандан башка эч нерсе кылган жок. Ал эми жолдун жаман акыбалга келиши - бул жүк ташуучу унаалар күн ысыкта асфальтта 50-60 тонна жүк менен өтүп жаткандыгында. 5 жылда жол керектен чыгууда. Өкмөткө протоколдук тапшырма берет элем. Саат 18:00дөн тартып жүк ташуучу унааларга жүрүүгө уруксат берүү керек. Күн салкындаганда гана жүрүшү зарыл", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulim_zamujem
2017-06-08 11:10:03
tuura soz
+2
Karaan
2017-06-08 11:27:05
Бензовоздор кантет? Алар туну жургонго болбойт да. Саат 18.00 дон 20.00 го чеин журуп калабы? ))))
+2
Karaan
2017-06-08 11:32:00
Башка коншу олколордо мындай сектор жок, себеби жолдун сапаты мыкты
+1
Anikin83
2017-06-09 14:28:07
Туштон кийин кереги жол уже бутту талкаланып,таразадагы коррупционерлерди жок кылмайынча жол онолбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан