Кечээ, 7-июнда белгилүү кытайлык актёр жана режиссёр Жеки Чан Казакстандын Астана шаарына келди. Бир топ жылдан бери аталган өлкөгө келүүнү кыялданганын айткан актёр учурда 7-июндан 18-июнга чейин Астанада өтүп жаткан кытай-казак кинофестивалына катышууда.
"Мен бул өлкөгө келүүнү жана киноматография менен алектенүүнү кыялданган элем. Тилекке каршы, убакыттын тардыгынан келе албай жаттым", - деген актёр иш-чара учурунда кытайча ырдады. Ал ырдап бүткөн соӊ жаш аткаруучу Димаш Кудайбергенов сахнага чыгып, кумири үчүн обон созгон.