"Кыргызстан" фракциясынан депутат Урматбек Самаев жолду оңдоо жана куруу иштери сапатсыз болуп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда парламенттин жыйынында билдирди.
"Курулган жолдордун сапаты начар болуп, 5 жылдын ичинде эле бузулуп жатат. Мына СССР убагында курулган жолдорго 30-40 жыл болуп, ошол бойдон турат. Жамоо иштери жүргүзүлгөндө жолду арык кылып казып коюп, бир жарым ай жасалбай жатат. Ошол убакыттын ичинде биздин жарандарыбыз канча деген чыгымдарга учурап, унаа кырсыктары катталууда. Коңшу өлкөлөрдө 1 күндө жолдорду жамоо иштерин бүтүрүп коюшат. Жок дегенде бизде 2 жуманын ичинде бүтүрсө жакшы болмок. Ушул маселеге көзөмөл жүргүзүп коюуну өтүнөм", - дейт ал.