Бишкек шаарынын Октябрь районунда ирригациялык көйгөйлөрдүн чечилбей жатышы боюнча жашоочулар нааразылыгын билдиришүүдө. Бул маселе бүгүн, 8-июнда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында көтөрүлдү.
"Октябрь районунда ирригациялык иштер аткарылбай, жергиликтүү тургундар массалык маалымат каражаттары аркылуу тиешелүү тараптарга жеткирүү үчүн арызданып жатышат", - деди шаардык кеңештин депутаты Алмаз Кененбаев.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун башчысы Нурбек Курманбеков жай мезгилинде конуштарда суу жетишсиз болуп жатканын айтты. "Мындай көйгөй калаанын башка аймактарында да бар. Анткени көпчүлүк эл сууну сугат тармагына колдонуп жиберишет. Мындан улам жогорудагыдай көйгөй жаралып жатат. Бүгүнкү күндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аракети жүрүп жатат", - деди Нурбек Курманбеков.
Жыйындын жүрүшүндө чарбалык маселелер көтөрүлдү. Ошондой эле Кара-Жыгач конушундагы №91-мектепте электр зымдары балдардын өмүрүнө кооптуу абал жаратып жатканы, окуучулар талапка ылайык келбеген парталарда окуп жатканы айтылды. Мындан сырткары мектептин айланасында тамеки жана спирт ичимдиктери сатылышы туура эмес экени, буга байланыштуу чара көрүү зарылдыгы белгиленди.