Бүгүн, 8-июнда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында "Кыргыз соода биримдиги" жоопкерчилиги чектелген коомунун мыйзамдуу өкүлү Анарбай Эргешов Ош облусунун Кара-Суу районундагы "Туратали-Ата" базарындагы 1,78 гектар жер аянты мыйзамдуу өздөрүнүн атында турса да соттор туура эмес чечим чыгарып жатышкандыгын айтты.
"Кара-Суу районундагы "Туратали-Ата" базарында "Кыргыз соода борборуна" тиешелүү 1,78 гектар жерди биз 2001-жылдан бери пайдаланып келебиз. Ошол кезде райондук администрация №741-токтомунун негизинде бизге пайдалануу укугун берген.
Сарай айыл аймагынын башчысы Аким Баатыр бизден жерди талашып, сотко берет. Соттук иштердин жыйынтыгында 2004-жылы Жогорку Сот материалды карап чыгып, 2001-жылкы райондук администрациянын токтомун күчүндө калтырат. Аким Баатыр 2008-жылы жер тилкесин биздин менчигибиз экендигине карабай, жасалма документтерди жасап Кумирахан Мирзаевага сатып жиберет. Бул иши боюнча ал Ош облустук улуттук коопсуздук комитети тарабынан кылмыш жоопкерчилигине тартылып иши сотто каралууда.
Ал эми жерди сатып алган Мирзаева кайра эле башка жаранга сатып жиберген. Жер тилкеси 2008-жылдан бери колдон-колго сатылып отуруп, акыркы сатып алган Момунжан Ахмедов алданган акчасын өндүрүү максатында сотко кайрылат. 2016-жылдан бери улам соттук иштерге чакырып, бизди убара кылып жатышат. Жерди биз сатпасак, эмне үчүн башка бирөө жасалма документтер менен бизге тиешелүү жерди сатып жиберсе алар үчүн биз жооп беришибиз керек? Ош облустук административдик экономикалык соттор коллегиясы Жогорку Соттун чечимине карама-каршы иш алып барып карапайым элдин бийликке болгон көз карашын өзгөртүп жатат. Ошондуктан президентке маалымат каражаттары аркылуу кайрылып, соттор арасындагы коррупцияга, мыйзамсыз чыгарган чечимдерге көңүл бурууңузду өтүнөбүз", - деди Эргешов.