Жогорку Кеңеште бүгүн, 15-майда Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына шайланган Чынара Айдарбекова, Жумадил Макешев, Айсалкын Нарынбекова, Чолпон Осмонова ант берди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Төрага Асылбек Жээнбеков жалпы депутаттардын атынан жаңы шайланган судьяларды өз ыйгарым укуктарын аткарууга киришүүсү менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады. Эске салсак, мурда Конституциялык палатасынын төрт судьясы шайлаган. Ал эми ишти баштоо үчүн анын курамында тогуздан кем эмес судья шайланууга тийиш.