Кыргыз өлкөсү жарандардын жашоо деңгээли боюнча Орусия менен Казакстанды 5 жылда кууп жетет. Мындай оюн бүгүн, 8-июнда ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү талкууда экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз өлкөсү туризм, айыл чарба, энергетика, жеңил өнөр жай тармагын мындан ары да өнүктүрүүгө басым жасоо керек.
“Биздин өлкө трактор, сыналгы чыгарган заводдорду кура албайт. Биздин жолубуз башка, айыл чарбасын өнүктүрүшүбүз керек. Өлкөнүн экономикасынын келечеги тууралуу айтсам, элдин жашоо деңгээли, пенсия, айлык акынын көлөмү боюнча Казакстан менен Орусияны кууп жетебиз”, - дейт Акенеев.
Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Беларусь, Орусия жана Тажикстандын илимпоздору катышты.
"Бүгүнкү иш-чаранын максаты - ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн интеграциялык өнүгүүсүн жөнгө салуу маселелерин илимпоздор аралык талкуулоо. Буга чейин бул маселе саясатчылар, өлкө башчылары тарабынан каралып келген. Жыйынтык чечимдерди кабыл алууда окумуштуулардын да пикири эске алынуусу шарт", - деп айтылды талкууда.