141 жыл мурун атактуу француз жазуучусу Жорж Санд 71 жашында каза болгон. Анын чыныгы аты Амандина Аврора Люсиль Дюпен болгон.
Анын алгачкы "Эме" романы ошол кездеги бир дагы жазуучуга жаккан эмес. Андан соң Казимир Дюдеван деген ат менен "Комиссионер" (1830), "Роз жана Бланш" романдарын жазган. Бул романдары эл тарабынан жакшы кабыл алынган. "Индиана" романы аны ийгиликке жеткирген. Ал роман тууралуу Бальзак жана Гюстав Планш жакшы ойлорун айтышкан.
Аврора эркектин атынан жазып ал кездеги аялдарга болгон чектөөлөрдөн кутула алган.
8-июндун жылнаамасы.