Депутат Дастан Бекешев азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрү койгон айыптоолорду негизсиз деди

7-июнда Азиздер жана дүлөйлөр коомунун айрым мүчөлөрү Ак үйдүн алдына митингге чыгышып, коомдун жетекчиси Марат Ташбаев коррупциялык иштерди жасап жатса, Дастан Бекешев сотко берип, айып пулга жыгууну көздөп жатышканын айтышкан. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев SUPER.KG'ге алардын айткандары боюнча пикирин билдирди.

"Азиздер жана дүлөйлөр коомунун айрым мүчөлөрү кечээ митингге чыгышып, Жамиля Темирбаева, Алтынбек Тобокел уулу жана башка жарандар мен тууралуу жана аталган коомдун жетекчилиги тууралуу жалган маалыматты беришкен. Ал эми жалган маалымат бергендердин бири Бактыгүл Смаева “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин мүчөсү эмес, эч кандай ал коомго тиешеси жок, өзү майып эмес. Билишимче, Бактыгүл Смаеванын бир туугандары угуусу боюнча майыптыгы бар, алар кезегинде Азиздер жана дүлөйлөр коомунда мүчөлүктө турушкан, кийин коомдон чыгып калышкан. Бирок Бактыгүл Смаеванын коомдун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсү негизсиз, жеке мага кандай доолору бар экени мага түшүнүксүз. Менин оюмча, майыптарга берилген батирлер боюнча жеке өзүнүн кызыкчылыгы бар болгондуктан митингге чыгып жүргөндүр.

Ал эми Жамиля Темирбаева 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарына жана айрым ЖМКлар аркылуу мен тууралуу жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн өзүмдүн кадыр-баркымды сот аркылуу коргоо максатында сотко доо арызымды бергем. Азыр сот процесси жүрүп жатат. Темирбаева кылган иши үчүн жооп берүүдөн баш тартып, ар кандай себептер менен сот отурумуна келбей, убакытты созуп жүрөт. Сот отурумунда мен тууралуу айткан жалган маалыматынын бирөөсүн дагы далилдей элек. Ал эми Азиздер жана дүлөйлөр коомунун жетекчилиги шайланганда менин эч кандай бир туугандарым катышкан эмес, эч бир майыпты ур-токмокко алуусу мүмкүн эмес. Жарандык тартипте өз укугумду коргоого болгон аракетимди Темирбаева майыптарды кордоо катары баалап жаткандыр. Эгерде Темирбаева таркаткан жалган маалыматтар жазылган арызын чакыртып, менден расмий түрдө кечирим сураса, мен сотто каралып жаткан доо арызымды артка кайрып алууга даяр экенимди ага билдиргем. Бирок ал тынчтык жолу менен маселени чечүүдөн баш тартып алып, кайра сыртка чыгып тескери маалымат билдирүүдө", - деди Бекешев.

"Алтынбек Тобокел уулу мамлекеттик каражаттарга салынган азиз жана дүлөй майыптар үчүн батирлердин бирин ага дагы берилүүсүн көздөп, бир топ майыптар менен чогуу митингдерге катышып жүргөн. Бирок бир катар мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, Тобокел уулу Бишкек шаарында апасынын үйүн мурастап калган, андан тышкары Каракол шаарында турак жай куруу үчүн жер тилкесин алган. Ошого карабастан майыптыгын пайдаланып, дагы бир батир алууну көздөп жүрөт. Анын бир тууган карындашы Каухар Тобокел кызы мага арыз менен кайрылып, агасы жасалма кол тамгасы менен анын атынан өзүнө ишеним кат жасап, Бишкектеги үйүн Каухардын макулдугусуз сатып жибергени тууралуу айтып, жардам сураган. Учурда укук коргоо органдары маалымат менен иштеп жатышат.

Ошондой эле Алтынбек, менин туугандарым аны токмоктоп, натыйжада көзүм көрбөй калды деп жалган айтып жүрөт. Бирок медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын Алтынбек Тобокел уулу бала кезинен бери тубаса азиз экендиги тууралуу справкасы бар. Ал таяк жегени боюнча кылмыш иши козголгон, бирок ушул күнгө чейин күнөөлүү же шектүү адамдар такталган эмес, ошого карабастан менин туугандарымдан таяк жедим деп айтууда", - деди эл өкүлү Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан