Парламентте ишкерлерди негизсиз куугунтукка алган тергөөчүнүн, прокурордун жоопкерчилигин күчөтүү сунушталды

Бүгүн, 8-июнда парламент жыйынында ишкерлерди негизсиз куугунтукка алган тергөөчүнүн, прокурордун жоопкерчилигин күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Акылбек Жапаров билдиргендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында конкреттүү ишкерге карата эмес, кылмыш жасоо фактысы боюнча жазык ишин козгоо үчүн каралган жетиштүү негиздер жок болгондо жазык ишин козгоо учурлары көп. “Мындай иштерди тергөө бир нече айга чейин создугушу мүмкүн жана андан кийин токтотулуп калат. Бул мезгилдин ичинде ишкерлер көптөгөн чыгашаларга дуушар болушат. Бизнес процесстер бузулуп, материалдык зыян келтирилет. Ишкердикке тоскоолдук кылуу же болбосо жеке кызыкчылыгын көздөгөндөргө 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо каралган”, - деди ал.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун максаты жакшы экенин билдирди. Бирок кылмыш курамын аныктоо кыйынга турарын, андан улам мыйзам ишке ашпай калбайбы деген кооптонуусун белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан