1-июлдан баштап Казакстандагы кыргыз ишкерлерине талап күчөтүлөт

2013-жылдын 1-июлунан тартып Казакстан мыйзам бузган кыргызстандык ишкерлерге карата айып санкциясын кабыл алат. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов билдирди. Айтымында, ушул жылдын 1-январынан тартып чет элдик жарандардын жеке ишкер катары катталышы тууралуу Казакстандын Салык кодексине толуктоолор киргизилген. “Биз Казакстандын бийлигинен кыргыз жарандар үчүн каттоонун мөөнөтүн узартууну жана текшерүү, депортация иштери үчүн массалык акцияларды токтото турууну сурандык. Санкция айыбына базарларда иштеген кыргызстандыктар кабылышат. Алар болжол менен 22-25 миң адамга жетет”,- дейт Бешимов. Кошумчалай кетсек, учурда Казакстанда ишкерлик менен алектенген 60-70 миң кыргыз жараны бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан