Жаанда калып, жол кыймылын көзөмөлдөгөн инспектор сыйланат. Бул тууралуу Патрулдук милициянын басма сөз кызматы SUPER.KG`ге бүгүн, 8-июнда кабарлады.
"Патрулдук милициянын кызматкери Азимбек Асанов 10 жылдан бери эмгектенет. Жаандын төккөнүнө карабастан Бишкектин Иса Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде өзүнө тиешелүү жерде жол коопсуздугун камсыздады. Андыктан башкаларга үлгү болуусу үчүн аны сыйлоо чечими кабыл алынды. Буюрса, дүйшөмбү күнү эртеӊ менен кесиптештеринин көзүнчө сыйланат", - дейт басма сөз катчысы.
6-июнда Бишкекте катуу жаан жаап, шаардын айрым жерлеринде электр энергиясы өчүп калгандыктан жол чырактар иштебей калган. Жука көйнөкчөн Патрулдук милициянын кызматкеринин жолдо тыгын пайда болбошу үчүн жаанга карабастан кыймылды жөнгө салып иштеп жатканы тартылып алынган видео бүгүн интернетте кызуу талкууну жаратууда.