Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңеште укуктук талаштарды жөнгө салууга багытталган “Медиация жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.
Демилгечи депутат Асел Кодуранованын айтымында, талаштарды чечүүнүн альтернативдүү ыкмасы катары медиация институтун колдонуу үчүн укуктук шарттар каралган. Адилеттикке жетүүнү жөнөкөйлөтүүгө жана жакшыртууга түрткү бере турганын белгиледи. Медиаторлордун айрым талаш-тартышуу маселелерди соттон тышкары жана сотко чейин чечүүсүнө өбөлгө түзөт.
КСДП фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кыргыз мамлекетинде медиаторлор институтунун андан ары иштеп кетиши үчүн мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыгууну колго алуу зарылдыгын белгиледи. Ал медиаторлор институту бара-бара сот тутумунун ишин кыйла жеӊилдешине шарт түзөрүн кошумчалады.