Депутат Бокоев: “Буудайды импорттоого салыкты алып салуудан бюджетке 650 миллион сом түшпөй калды”

“Буудайды импорттоого кошумча нарк салыгын алып салууга кимдин кызыкчылыгы бар?” - деп бүгүн, 8-июнда парламент жыйынында "Республика - Ата Журт" фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев кызыкты.

Анын айтымында, ата мекендик буудай өндүрүүчүлөрүн колдоо максатында буудайды алып кирүүгө кошумча нарк салыгын киргизүү сунушталып жатат. "Кошумча нарк салыгын алып салып жатканда, өкмөт нанга болгон баа арзандайт деп убада берди эле. Бирок нан арзандаган жок. Мындан улам бюджеттен 650 миллион сом жоготтук. Бул каражатка 20 мектеп курууга болот эле. Салыкты алып салуу боюнча мыйзамдын өткөнүнө бир жарым жыл болду. Ошондо 30 мектеп курмакпыз. Эмне үчүн, кимдин кызыкчылыгы үчүн мындай мыйзам киргизилди?” - деп нааразы болду депутат.

Ошондой эле анын мыйзам долбоору эки комитеттин кароосуна жөнөтүлгөнүнө да нааразычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
CEO
2017-06-08 16:59:08
Кимдин кызыкчылыгы учун экенин баары эле билип турат. Эч болбосо ошол жеке кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан жогору коюп мамлекетке салык тологусу келбеген ун магнаттарынын бири Торобаев бир партия жана ЖК фракциянын торагасы, презиленттикке талапкер, экинчиси ЖК спикери, СДПКчы Чыныбай Турсунбеков, балким СДПКдан президенттикке талапкер! Ошол казынага тушпогон 650 миллион сомдун эч болбосо 300-400 миллиону жогорудагы 2 олигарх-депутаттын чонтогуно тушту да, же калппы?!!
0
CEO
2017-06-08 17:00:43
Мамлекетке салык толоодон качкан, оз чонтогун элден жогору койгон бул олигарх-депутаттардан мыкты президент чыкмак беле?!! Азыр оз чонтогун ойлогон, президент болсо чонтогун ойлобой коймок беле?!!
0
CEO
2017-06-08 21:33:03
Чыныбай Турсунбеков актанып баштаптыр го якобы менин тиешем жок, Окмоттун инициативасы болчу деп...

Анан да 10 жыл илгери марттык кылганбыз деп...

Ошол казынага тушпогон 650 миллион сомдун эч болбосо 100-200 миллиону Чыныбай Турсунбековдун чонтогуно тушкондур! Карапайым мугалим 5-6 мин сом айлыгынан казынага салык тогот. А силер жуздогон милион сом салыкты тологондон качасынар?! Бет барбы?! Кудайдан, акыреттен корккулачы машаяк болсонор да бийлик тугол колунарда болуп!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан