Жаанда калган инспектор: "Үйдөн иним алып келген кийимдерди кийип, жумушумду кайра уланттым"

6-июнда жаанда калып, суу болгонуна карабай Бишкек шаарындагы жол чырак иштебей калган кесилиште жол кыймылын жөнгө салган Патрулдук милиция кызматкери Азимбек Асанов SUPER.KG'ге ошол күнү окуя кандай болгонун айтып берди.

"6-июнда "Орто-Сай" базары тарапта иштеп жүргөм. Түшкү саат 2 чамасында нөөмөт бөлүмүнөн Иса Ахунбаев жана Болот Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырак иштебей жатат деген билдирүү алдым. Мен жетип барып жол кыймылын жөнгө салып баштаганда бир аз жамгыр жаап, кийин дароо эле төгүп жаай баштады.

Ордумдан жылбай, суу болгонума карабай өз ишимди уланттым. Башка кесиптешим 40 мүнөттөн кийин келип менин ордума турду. Кийимдеримдин баары суу болгондуктан, үйдөн иним алып келген кийимди кийип, ошол күнкү жумушумду кайра уланттым”, - деди Асанов.

Ал эми анын интернетке тараган видеосу тууралуу сураганыбызда "кимдир бирөөнүн тартып жатканын байкаган эмесмин. Бүгүн журналисттер келип, интервью ала башташканда гана билдим" деп кошумчалады.

Элдер жаанда каалган инспекторго сыйлык ыйгарууну сунуштоодо
Жамгырда калган инспектор: “Сыйлыкты бербесе да өз ишимди аткардым”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aydinnur
2017-06-08 17:11:34
Азамат!Башка сөз жок!
+7
engel
2017-06-08 17:26:40
Molodeec! Boorum oorup ketti 5 minotko jaandyn aldynda kalganga chydabaibyz 40 minuta oto koop. Oorup kalbaptyr dagy jakshy.
+5
12.12.12
2017-06-08 17:29:48
Абдан, абдан өкүнүчтүү. Эмне кыргыз милициясына жаан-чачында кийип, жумушун аткарчу форма жокпу? Уят. Ошентсе да ишин уланаг МАИге рахмат!!!
+5
Bolunbo.kyrgyz
2017-06-08 18:01:44
Оо базар жок
+3
nazel
2017-06-08 18:16:01
Милициянын баары ушундай иштесе тартип да болмок менимче,байкеге рахмат сыйлык бериш керек
+4
ekaterinburg
2017-06-08 18:20:20
Азаматсын!Ак эмгек,адал тамак менен тапкан акчага эмне жетсин,айдоочуларды"сындырбай".Мактаса дардандабай ушинтип эле улгу болуундан жазбай иштей бер!Молодец.
+4
Cesar
2017-06-08 18:21:23
Телефонду ушул байкеге бергиле Супер инфо. Жакшы кызматы үчүн.
+5
bema_bema
2017-06-08 18:50:07
Беш минут жаанда калып ооруп калдым
+2
Makain
2017-06-08 18:56:24
Эркек теке ишине ийгилик
+2
Arlenchik
2017-06-08 19:30:26
Азамат экен, мындай иши мн мактоо баракчасын ыйгарып баса белгилеп коюшса болчудан башка кесиптештерине улгу катарында.
+4
Aikyn93
2017-06-08 20:05:25
Чондор сыйлык бергиле жеп ийбей
+1
aqua-94mema
2017-06-08 23:38:16
Эгерде ушул киши болбогондо ким билет бул жакта кандай абал болоор эле. Азамат.
0
didu
2017-06-09 11:57:40
телефонду ушуга бергиле ,а так телефонуна суу кирип жарактан чыккандыр
+1
Muzik
2017-06-09 13:06:08
Милдети да бирок булардын ушинтип иштоо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан