SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Вера Брежнева кыргыз жылдыздары менен социалдык роликке тартылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: filmgoers).
БУУнун ыктыярдуу элчиси, орусиялык белгилүү ырчы Вера Брежнева "Сен жалгыз эмессиӊ" акциясына кошулду. Анын негизинде тартылган социалдык роликке Брежнева колдоо көрсөтүп, кыргыз жылдыздары менен роликке тартылды. Роликтин негизги максаты ВИЧ илдетине кабылган адамдарга колдоо көрсөтүү, өспүрүмдөр жана жаштардын коомдогу ордун белгилеп, аларга карата басмырлоонун болбоосу керек экенин жеткирүү.
Брежнева менен бирге роликке кыргыз жылдыздары Эркин Рыскулбеков, Айыма Айылчиева, Арсен, Абир Касенов, Айганыш Абдиева, Баястан тартылып, жеткинчектер өздөрү айта албаган көйгөйлөрүн чагылдырып беришти.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.