Чыныбай Турсунбеков: "Буудайды импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салган мыйзамга мени кызыкдар деп жатышыптыр"

"Буудайды импорттоодо кошумча нарк салыгын алып салган мыйзамга мени кызыкдар деп айтып жатышыптыр", - деп билдирди бүгүн, 8-июнда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Анын айтымында, бул мыйзам киргизилгенден баштап саясатка айланып, 2-3 адам кызыкдар деп жатышат. "Учурунда өкмөт ун өндүрүүчүлөрдү колдойбуз деген ойдо алып келишкен. Бирок айрым бир адамдардын оюна жаман нерсе келдиби же ушак угуп калганбы? 1-2 адамдын тегерегине байлап эле ошолор пайда көрүп жатат дешүүдө. Ошол мыйзам кабыл алынгандан бери ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Менин дагы фамилиямды айтышыптыр. Бул маселе боюнча көбүрөөк маалымат билген адам катары айтып берейин. Буудай импорттоодо кошумча нарк салыгын киргизүү боюнча мыйзам долбоорун көрдүм. Таянган эки нерсеси бар. Бирөөсү азык-түлүк коопсуздугу, экинчиси бул бюджетти толтуруу", - деди ал.

Ал билдиргендей, 2006-жылы кургакчылык болгон. "2007-жылы ошонун көйгөйү жаралган. Ал кезде мен, Кенжебек Сатымкулович дагы жөнөкөй чарбада иштеп жүргөн адамдар болчубуз. 10 жыл мурда өлкөдө чоң кризис башталганда Жогорку Кеңештин трибунасынан туруп Темир Сариев ундун баасы 100 сомго жетет деген. Казакстандан келген ундун баасы 40 сом болгон. Өкмөттүн жетекчиси бааны 25 сомдон көтөрбөгүлө деп бизден суранган. Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бааны 25 сомдон кармап бергенбиз.", - деди ал.

Андан ары төрага бул мыйзамды саясатташтырбоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан