Астанада Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын саммити өтөт

Казакстандын Астана шаарында 8-10-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкө башчылары кеңешинин кезектеги отуруму өтөт. Маалым болгондой, бүгүн саммиттин ачылышы болуп, эртең негизги маселелер каралмакчы.

Учурда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Астана шаарына учуп келгенин президенттин маалымат кызматы кабарлады. Ал эми Кытай президенти Си Цзиньпин 7-июнда келип, Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу маселелерди талкуулашты.

Курамына Кыргыз Республикасы, Орусия, Кытай, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирген Шанхай кызматташтык уюмуна Индия менен Пакистандын кирүүсү күтүлүүдө. Эки өлкөгө мүчөлүк берүү маселеси уюм тарабынан 2015-жылы Уфа шаарында өткөн жыйында жактырылган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан