2010-жылы Апрель окуясында өрттөнгөн Башкы прокуратуранын имаратын 33 ишкана оңдоп-түзөөдөн өткөрүү ниетин билдирген. Анын 20сы Жогорку Кеңештин жана шаардык кеңештердин депутаттары менен байланыш бар экенин мэр Албек Ибраимов бүгүн, 8-июнда шаардык кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тендердин катышуучулары учурда бири-бири менен соттошуп жатат. Мэр сот процесси бүтмөйүнчө Башкы прокуратуранын имаратын оңдоп-түзөө иштери башталбасын айтты.
Шаардык кеңештин депутаты Гүлнара Молдобаева "анда бизде тендерге катышууга укугубуз жокпу? Муниципалдык тендерлердин депутаттар менен байланышы бар деп туура эмес айтып жатасыз. Депутаттарды күнөөлөө орундуу эмес", - деп мэрге кайрылды.
Бул боюнча Албек Ибраимов: "Мен эч кимди күнөөлөгөн жокмун, фактыларды мисал келтирип жатам. Бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл албай жакшы түшүнсөңөр. Кимди эмне ойлонтсо ошону сүйлөйт дегендей. Сизде курулуш бизнеси бар экенин дароо ачыктап койдуңуз", - деди.