ЭЛДИК ВИДЕО: АКШда судья соттолуучунун баласы менен кеңешип чечим чыгарды

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "АКШда судья жаш бала менен кеңешип чечим чыгарды" деген аталыштагы видео жүктөлдү.

Видеодо сот отурумунда унаасын тыюу салынган жерге токтоткон айдоочунун маселеси каралып жатканы көрсөтүлөт. Анда судья менен айыпталуучунун кичинекей баласынын ортосунда жылуу маанайдагы сүйлөшүү орун алат. Жогорку кызматты ээлегенине карабай судья жаш бала менен анын атасына кандай чара көрүү туура болорун чогуу талкуулайт. Кеӊешүүнүн жыйынтыгында судья айдоочуга айып пулдун ордуна баланын курсагын тойгузсун деген чечим чыгарат.

Мындан тышкары "Элдик видео" бөлүмүнө "Ө.Текебаевдин 8 жашар кызы темир тордо отурган атасына жолукту" деген видео да жүктөлдү. Анда Бишкекте 5-июнда Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча биринчи соттук отурум көрсөтүлөт. Жыйынга Текебаевдин жубайы, уулу жана 8 жаштагы кызы да катышканы белгилүү. Белгилей кетүүчү жагдай, адвокат милиция кызматкерлери тосуп жолотпой жатканда, кызын тордон башка тарабына жетелеп барып атасы менен кыска убакытка жолуктурууга үлгүргөн. Бул учур тартылган видеотасма интернетте кызуу талкууланууда.

АКШда судья жаш бала менен кеңешип чечим чыгарды
Текебаевдин кызы темир тордо отурган атасына жолукту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nendi15
2017-06-08 23:47:45
Текебаевдин кызы менен учурашканын көрүп ыйладым...Ата деген жакшыбы жаманбы байбы кедейби баары бир АТА да эх
+10
Burkut87
2017-06-09 00:30:16
Эмнеге тераристтей коргоп жатышат маскачан балдар жон эле милициялар карап турсада болотко
+8
Omurbek998
2017-06-09 02:32:57
Мамлекетти ушунчалык жаман коруп кеттим
+10
Birimdik5555
2017-06-09 03:54:15
Текебаевдин кызын коруп козго жаш келди го. Бул кундор да отуп кетет,кайтар дуйно дейт,уй-булоосунон алыстаткандардын да кызы бардыр ушундай
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан