8-июнда Бишкек шаарында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйыны болуп өттү.
Анда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жыйын уюмга мүчө мамлекеттердин ортосунда келечекте аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну жакшыртарын белгиледи.
Жыйындын алкагында бир катар документтерге кол коюлду:
- 2025-жылга чейинки ЖККУнун алкагында куралданууну жана аскердик техниканы стандартташтыруу боюнча иштерди өткөрүүнү уюштуруу планы тууралуу;
- ЖККУ алкагында аскердик маанидеги биргеликте иштелип чыгарылган жана өндүрүлгөн продукциялардын сапатын көтөрүү тууралуу ;
- ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын иштиктүү кеңеши тууралуу;
- ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын төрагалыгында биргеликте иликтөөлөрдү жүргүзүү жана иштеп чыгуу маселелери боюнча жумушчу тобу тууралуу;
- Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын өз ара коргоо маселелери боюнча, ЖККУнун алкагында аскердик-экономикалык кызматташтыктын жүрүшүндө алынган жана колдонулган ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын Координациялык кеңеши тууралуу;
- ЖККУ мүчө мамлекеттердин атайын маанидеги аскердик продукцияларынын экспозицияларын түзүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча 2017-2018-жылдары эл аралык көргөзмө өткөрүүнүн тартиби;
- ЖККУ аскердик-экономикалык кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 2018-жылга планы тууралуу.