ЖЫЛНААМА, 9-ИЮНЬ: Белгилүү америкалык актёр Жонни Депп 54 жашка толду

Атактуу америкалык актёр Жонни Депп Американын Овесборо аттуу шаарчасында 1963-жылы туулган. Актёрдун Дэниел аттуу агасы жана Дебби, Кристи аттуу эжелери бар. 16 жашка толгондо болочоктогу актёрдун ата-энеси ажырашып кетишкен, ошондон тарта Жоннинин жер кезген жаңы жашоосу башталат. Актёр ал кез тууралуу "апамдын айынан 30га жакын жер котордук. Мунун себеби апам бир жерде көпкө кармалганды жаман көрчү. Бир учурда Флорида штатындагы Мирамар шаарында жашап жүргөнбүз. Ал жер тозокко окшош болчу. Кулап калайын деген үйдө жашап, мен күнүгө дүкөндөн токоч уурдап жечүмүн. Азыр эстесем, ошондо ушунчалык жакыр жашаптырбыз" деп эскергени бар.

Музыканы жан дили менен сүйгөн өспүрүмдүн алгач актёр болом деген ою жок болгон. Кийинчерээк актёрлук кесипке ыктап кеткен. Жонни Депп “Турист”, “Кариб деңизинин каракчылары” жана башка тасмалары аркылуу атактуулукка жеткен.

9-июндун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан