Борбордук шайлоо комиссиясы баннер даярдоо үчүн 3 миллион сомдон ашуун каражатка тендер жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы баннер даярдоодо тендер жарыялады. Мындай маалымат бүгүн, 9-июнда Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, баннерлерди даярдоо үчүн 3 миллион 490 миң сомго тендер жарыялаган. Жалпы 7,8 миң даана баннер даярдалат. Алар кыргыз, орус тилдеринде жасалат.

БШК буга чейин 5 миллион 580,5 миң сомго тендер жарыялаган. Бул суммага брошюра, афиша, конверт, карта жана башка кагаз өндүрүмдөрүн чыгарууга жумшалмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан