Орусиянын Новосибирск аймагында жашаган Нина Бычкова чачынын узундугу менен 18 жашка чейинкилер арасында аталган өлкөнүн "Рекорддор китебине" кирип, учурда "орусиялык Рапунцель" аталууда.
12 жаштагы кыздын чачынын узундугу 139 сантиметрге жетет. Нина эми "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүнү көздөөдө. Анын апасы Ольга Бычкова жергиликтүү басылмаларга берген маегинде кызынын чачын такыр кыркылбаганын айткан.
Белгилей кетсек, Рапунцель абдан узун чачтуу кыз жөнүндөгү жомоктогу каарман кыздын аты.