Орусиялык учкучтардын массалык түрдө азиялык компанияларга иштөө үчүн кетип жатканы айтылууда

Орусиялык учкучтардын көпчүлүгү массалык түрдө азиялык компанияларга иштөө үчүн кетип жатканы айтылууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, орус учкучтары айлык маянасы, жумуш шарты жакшы көрсөтүлгөн азиялык компанияларга жумушка орношууда. Акыркы 2,5 жылда 300дөн ашуун учкуч Азия компанияларына өтүп кеткен. Алардын көбү мыкты даярдыктагы, чет тилдерин жакшы өздөштүргөн аба командирлери жана инструкторлор экени айтылат.

Учурда анын 100дөн ашууну кытай компанияларында, дагы 400 учкуч жумушка орношуу аракетин көрүүдө. Мындай кырдаал 2014-жылдын жарымынан тарта "Урал абакаттамы", "Волга Днепр", "ВИМ-Авиа" компанияларында байкалган. Мындай жапырт жумуш которуунун кесепетинен он миңдеген жүргүнчүлөр жапа чеккен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samina007
2017-06-09 14:58:53
Ооба туура орусияда аз төлөнөт экен.а азия өлкөлөрүндө бир айына 25миң көгүнөн берет эгер айына 80саат учсаң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан