Токон Мамытов, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы: “Июнь окуясынын башкы күнөөкөрлөрү тийиштүү жазасын алышы керек, жараат айыга баштады...” (маек)

2010-жылдагы Кыргыз өлкөсүнүн түштүгүндөгү жаңжалдын себептерин аныктоо боюнча парламенттер аралык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов кагылыштын себептери жана аткарылган иштер тууралуу “АКИ-пресс” агенттигине орус тилинде кеңири маек курган экен. Күндүн башкы темасына айланган Июнь коогалаңынын жети жылдыгынын алдында ошол маекти кыргыз тилине которуп сунуш кылабыз.

- Токон Болотбекович, сиз жаңжалдын себептерин аныктоо боюнча парламенттер аралык комиссияны жетектегенсиз, кандай иштер аткарылды?

- Комиссия 2010-жылы декабрдын аягында түзүлүп, курамына ар бир фракциядан бештен болуп 25 адам кирген. 2011-жылдын январынан майга чейин иштеп, июнда анын жыйынтыктары Жогорку Кеңештин талкуусуна коюлган.

Биз буга чейинки комиссиялардын: Абдыганы Эркебаев жетектеген Улуттук комиссиянын, Киммо Кильюнендин эл аралык комиссиясынын, Турсунбек Акундун комиссиясынын, кеминде 4-5 комиссиянын отчётторун изилдедик. Мындан тышкары комиссия жергиликтүү бийлик органдарынын жана айрым министрликтердин, ведомстволордун, анын ичинде туруктуулук жана коомдук тартип үчүн жооптуу күч түзүмдөрүнүн отчётторун, тарыхый документтерди изилдеп, талдап чыккан. 1990-жылдагы Июнь окуялары боюнча түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен жеке өзүм таанышып чыктым. Комиссия 1990 жана 2010-жылдардагы окуялардын байланышына көңүл бурган.

- Комиссия кандай бүтүмгө келди? 1990 жана 2010-жылдардагы жаңжалдардын кандайдыр бир жалпылыгы барбы?

- Таң калыштуу болгону менен, жалпылыгы социалдык-экономикалык маселелердин чечилбегендигинде болгон. Ошол эле 1990-жылы мындай маселелер Оштогу улуттар аралык жаңжалдын чыгышына себеп болгон. Бирок мен бир тарап өзүн кыйла артыкчылыктуу сезип, экинчиси кысымга учураган деп айта албайм. Жок, мындай десем: жөнөкөй жаранга, анын социалдык-экономикалык маселелерине көңүл (бийликтин) бурулбай калган. 1990 жана 2010-жылы дагы.

- 2010-жылдагы Июнь окуяларынын мүнөздүү себеби эмнеде жана 1990-жылдан эмнеси менен айырмаланат?

- 1990-жылы бийлик кыргыз, өзбек же тажик улуттук картасын ойноткон эмес. Эмне үчүн 2010-жылы жаңжал болду? Анткени биринчи жана экинчи президенттер өзбек картасын ойнотушкан. Бул айрыкча, шайлоо же губернаторлорду дайындоо жана бошотуу сыяктуу маанилүү саясий окуялардын алдында болгон. Бирок улуттук маселе саясий максаттарда, саясий соодалашууларда колдонулганда, албетте, аны ушуга алып келишет. 1990 жана 2010-жылдардагы окуяларды 20 жыл мурда окуяга уюшкан кылмыштуу топтор жана алардын өкүлдөрү катышпагандыгы, укук коргоо органдарын, аскер бөлүктөрүн, куралдарды жана ок-дарыларды жалпы түрдө басып алуу болбогондугу айырмалап турат.

- Жаңжалдын күчөшүнө 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялардан кийин жер-жерлерде башкаруу жакшы болбогондугу кандай таасир берди?

- 1990 жана 2010-жылдардагы окуялардын дагы бир айырмасы, 1990-жылы жер-жерлердеги бийлик жана укук коргоо органдары алсыраган эмес. 2010-жылы жер-жерлерде жергиликтүү бийлик органдарын басып алуу жүрүп, акимдер, губернаторлор, айыл өкмөттөр дайындалып, алар милиция, жадакалса прокурорду дайындап алышкан. Ошентип көптөгөн адамдар бийликке кокусунан келип калышкан. Албетте, алардын бардыгы мекенчил, сабаттуу адамдар болушкан, бирок эң башкысы - жаңжалдуу жагдайларды чечүүгө жана жоюуга алардын тажрыйбасы жана билими жок болгон, алар кесипкөйлүк өңүтүнөн алганда, мындай кырдаалдарга даяр болушкан эмес. Бул дагы жаңжалдын күчөшүнүн себептеринин бири болду.

Ошол эле учурда 2010-жылы экинчи президенттин өкүлдөрү күчтүү каршылык көрсөткөндүктөрүн эстен чыгарбоо керек. Себеби жер-жерлерде, бардык күч жана укук коргоо түзүмдөрүндө экинчи президенттин же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өкүлдөрү жетектеп турушкан. Албетте, 2010-жылдын апрелинен кийин аларды кызматтан алгандан кийин, көмүскөдө туруп каршылык көрсөтүшкөн. Алар баары бир коомдук аң-сезимге таасир берип, адамдардын, топтордун жүрүм-турумуна манипуляция кылууга аракет кылышкан. Бул катуу каршылык көрсөтүү болгон.

- Окуялар баш аламан болгонбу же уюшулганбы?

- Албетте, алар уюшулган, мен буга ишенем. Кадыржан Батыров жана анын айланасындагылар - 2010-жылдын июнундагы өлкөнүн түштүгүндөгү окуялардын башкы күнөөкөрлөрү. Алар 8-10 гана адам болушкан, аларды сепаратисттер, жалпы баш аламандыктарды, этностор аралык кагылышууларды уюштуруучулар деп атап коёбуз. Алардын бири дагы карапайым өзбек жөнүндө ойлогон эмес, элдин: кыргыз же өзбек калкынын көйгөйлөрүн чечүүнү пландаган эмес. Алар болгону бийликти өздөрүнө кайтарууну каалашкан. Анткени экинчи президент Курманбек Бакиев Батыровдун мүлкүн тартып алып, өзбек маданияты борборунун жетекчилигинен алып койгон. Бирок Апрель окуясы болгондо, ал учурдан пайдаланып калууну чечкен. Ал мүлкүн өзүнө кайтарып, каржысы пайда болду. Бирок ага саясий бийлик жетишсиз болуп турду. Ал алдыда парламенттик шайлоо болорун түшүнүп, өзбек улутунун куткаруучусу ролун колдонууга болорун ойлоду. Ошентип ал бул мүмкүндүктү колдонду. Бирок өзбектер, өзбек улутундагы карапайым калк ал үчүн маанилүү эмес болгон. Иш жүзүндө ал элдин арты менен тил, билим берүү, маданият, автономия, эгемендүүлүк карталарын колдонуу менен, бийликке келүүнү чечкен.

- Тактап айтканда, аярлуу жерлерге сокку урган?

- Эң туура. Дүйнөдө адамдардын баарын ээрчиткен чакырыктар бар. Бул тил, дин, аймактык бүтүндүк жана чек ара маселелери, элдин күткөнү ушулар. Бул арада Кадыржан Батыров ушул көйгөйлөрдөн пайдаланып, калктын өзбек бөлүгүнө манипуляция кыла алган. Бирок бардык эле өзбектер аны ээрчиген эмес.

- Бирок эмне үчүн Батыров азыркыга чейин Кыргыз жергесине кайтарылбай жатат?

- Менимче, Батыровдун жана анын айланасындагылардын, ишенимдүүлөрүнүн кылмыш аракеттерин укук коргоо органдары процессуалдык сабаттуу деңгээлде документтештире алышкан жок. Ал эми башка укук коргоо органдарына, башка өлкөлөргө кайрылып, “бергиле, ал өлтүргүч” деп эле айтууга болбойт. Так юридикалык талдоо, далилдер керек. Бизде аны кайтарууга бардык фактылар, негиздер бар. Болгону аларды туура түзүү зарыл. Бул 2010-2013-жылдары күч түзүмдөрүнүн укук коргоо органдарын жетектегендердин катачылыгы. Алар бардык документтештирип, түзүү, тигил же бул өлкөгө тиешелүү суроолорду даярдап, талап кыла алышкан эмес. Мына ошондуктан Батыров учурда эркиндикте, жоопко тартылбай жүрөт.

Учурда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген Батыровдун жардамчыларын, адамдарды талкалоону уюштургандарды эч ким суракка чакырбай жатканы мени таң калтырат. Мунун эч кимге кызыгы жок.

- Демек, Бакиевдердин учурундагыдай эле бардык далилдер туура алынса, аларды Кыргыз жергесине экстрадициялоого болмок беле?

- Туура. 2010-2011-жылдар оор болду. Бирок 2013-2014-жылдары 2010-жылдагы фактыларды түзүп, документтештирсе болот эле. Күчтүү каршылык көрсөтүү жана кагылыштар көп болду.

- Комиссиянын отчётунда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн саясий жоопкерчилиги тууралуу айтылган. Бул эмне жоопкерчилик?

- Саясий жоопкерчиликти кылмыш ишине, кайсы бир беренеге байланыштырууга болбойт. Саясий жоопкерчилик Убактылуу Өкмөт өзүнө жоопкерчиликти алгандыгын, өлкөнүн, мамлекеттин жана калктын тагдыры үчүн жооп бере тургандыгын жарыялаган соң, түштүктөгү жаңжалды токтото алган жок дегенди түшүндүрөт. Убактылуу Өкмөт тартипти орното алган жок. Ошол эле учурда эч кимди өлтүргөн эмес, тукурган эмес. Бирок Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш эле. Анткен менен ошол эле учурда кырдаал кеч болсо да колго алынган. Болбосо бул этностор аралык жаңжал бир нече жылга уланат эле. Саясий жоопкерчилик деген ушул. Аны менен бирге, комиссия Башкы прокуратурага ошол кезде кызмат ээлеп, айлык алып турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине укуктук баа берүүнү тапшырган.

- Бирок эч ким жоопко тартылган жок да?

- Ооба.

- Сиздин оюңузча, Батыровду кайтаруу маселесин көтөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Же Батыров, Бакиевдерди Кыргыз Республикасына кайтаруу мүмкүн эмеспи?

- Ошол кездеги окуяларда 500гө жакын адам каза болгон. Буга "Ала-Тоо" аянтында, Маевка, Токмокто курман болгондорду кошкондо аларды кайтарса болобу? Биз жасай албайбыз. Мен мунун уюштуруучулары, К.Батыров, чагымчылар, идеологиялык дем берүүчүлөр жазага тартылышы керек деп ойлойм. Алар жазаланууга тийиш. Эгерде жазалоо болбосо, 10 жылдан соң кайра башталат. Бүгүнкү күнү буга жетишүү зарыл. Учурда баарын юридикалык жактан туура түзүп, кайтарууга аракеттенүү керек. Бул кийинки муун, туруктуулук үчүн маанилүү. Башкалар саясий кырдаалды туруксуздаштырып, өлкөнү кулата албашы керек. Мындай күчтөр бар кезде, ушул сыяктуу адамдар болуп турат...

- Бүгүнкү күнү жаңжалдарды алдын алып, себептерин жоюу үчүн эмне кылуу керек?

- Биринчиден, элге мындан ары улуттар аралык, диндер аралык жана этностор аралык кагылышууларга жол бербөө керектигин, бул кыргыздарга да, өзбектерге да, орустарга да, татарларга да пайдасы жок экендигин түшүндүрүү зарыл. Бул өлкөнү кулатып, аны 2010-жылга кайтарууну каалаган саясатчыларга, саясий күчтөргө гана керек. Алардын каржылары көп, тарапташтары арбын. Алар арабызда болгону менен, керек кезде алар тарапка өтүп кетүүгө даяр турушат. Менимче, учурда парламенттин жана өкмөттүн алдында өлкөгө зыяны тийбеген туруктуу, айкын жана ачык шайлоолорду өткөрүү милдети турат.

- Ош жана Жалал-Абадда адамдар ынтымакка келишти деп ойлойсузбу?

- Мен кырдаал толук бойдон туруктуу деп айта албайм. Себеби бүлбүлдөгөн чок бар. Бирок жараат айыга баштады. Анткен менен кыргыз-өзбек карама-каршылыктарын күчөтүп, президенттик шайлоонун алдында жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланууну каалаган саясий күчтөр бар. Азыркы тапта жергиликтүү бийлик, өкмөт, укук коргоо органдары, парламент 2010-жылдагы окуялардын кайталанбашы үчүн бардык күчүн жумшоого тийиш. Мындай саясий күчтөрдү аныктап, чара колдонуп, адамдарга жаңжалга барсак, Сириянын абалына кептеле тургандыгыбызды түшүндүрүү керек. Калк менен иштеп, алардын маданиятын, билимин жогорулатуу керек. Билим, маданият экинчи же үчүнчү орунда турган өлкөдө этностор аралык, диний, конфессиялар аралык кагылышуулар чыгышы мүмкүн. Эң башкысы – Кыргыз жарандарын жаңы заманда тарбиялоо үчүн билим жана маданият болушу керек. Булар болмоюнча чатактар чыга бериши мүмкүн. Ал эми билимдүү адам эч качан саясий оюндарга өзүн пайдаланууга жол бербейт.

- Демек, социалдык-экономикалык фактор маданиятка караганда кийинки орунда турат экен да?

- Алды менен маданият, ал социалдык-экономикалык фактор менен бекемделиши керек. Билим жана маданият гана экономиканы түзөт. Бул Кыргыз жаранынын келечегин түзүүдө урааны болууга тийиш.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан