Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ур-токмокко кабылган спорт мектебинин машыктыруучусуна операция жасалды, абалы дале оор. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Рысбек Жусупов билдирди.
"Кечээ күнү Бишкектен атайын нейрохирургдар келишип Акысбек Өмүрбековго операция жасалды. Операция ийгиликтүү өттү. Ошентсе да абалы оор, азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирок канча бир деңгээлде абалы жакшырууда десек болот. Толук айыгып кетүүсү үчүн убакыт керек", - дейт Рысбек Жусупов.
Эскерте кетсек, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында спорт мектептин машыктыруучусун 5 адам сабап кетип, ал жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.