Азык-түлүккө баалар жогорулап, алкоголдук ичимдиктер арзандады. Баалар Ош шаарында Бишкекке салыштырмалуу өскөнү байкалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин бүгүн, 9-июнда 2017-жылдын май айына чейинки социалдык-экономикалык жыйынтыгы тууралуу өтүп жаткан маалымат жыйында белгилүү болду.
Өлкө боюнча керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 2,4 пайыз. Тамак-аштарга жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 4,6 пайызга жогорулады. Жашылчаларга 22,9 пайызга өскөн. Алкоголдук ичимдиктерге болгон баа 3,9 пайызга төмөндөгөнү байкалды. 2017 -жылдын май айына чейин керектөө бааларынын жогорулашы Ош шаарында 4,7 пайыз Бишкекте 1,6 пайыз болгон.