Өлкөдө 1 миллион 557 миң адам жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Үй чарба статистикасы бөлүмүнүн башчысы Галина Самохлеб жакырчылыкта жашагандар 2016-жылдын жыйынтыгы менен 25,4 пайызды түзгөнүн, аймактарга салыштырмалуу Жалал-Абад облусунда жакыр үй-бүлөлөрдүн саны жогору экендигин айтты.
"Жакырчылыктын деӊгээли 2016-жылы 25,4 пайызды түзгөнү менен, мурдагы жылдарга салыштырмалуу 6,7 пайызга төмөндөдү. Алардын ичинен 17ге чыга элек балдардын саны менен эсептегенде 31,5 пайыз балдар аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө күн кечирет. Жогоруда айтылгандардын дээрлик баары айыл жерлеринде жашагандар", - деди Самохлеб.
Анын айтымында, жакырчылыктын деңгээли, үй-бүлө чарбасынын абалына, тапкан кирешесине, жеген азык-түлүктөрү жана кийген кийимдерине карап бааланган.
Ал эми социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова калкты социалдык камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрүнө токтолду.
"Өткөн жылдагы көрсөткүчтөргө караганда, жөлөк пул алуучулардын саны 362 000 миңди түзгөн. Алардын ичинен 88 600 үй-бүлө же 275 900 адам аз камсыздалгандардын катарына кирет. Эмгекке жөндөмсүз адамдарга берилген жөлөк пулду 84 300 адам алган. Ал эми өлкөдөгү майып балдардын саны 29 300 болуп, 2012-жылга салыштырмалуу 16 пайызга жогорулаган", - деди Рахманова.