Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун Панфилов айылындагы үйүнөн 5-июнда чыгып кетип, эки күндөн кийин Баткендин Кызыл-Кыя шаарынан табылган Рамазан Дүйшөнбеков, Тахмина Дүйшөнбекова жана Айгерим Сыдыкова деген үч өспүрүм Кызыл-Кыяга кантип кетип калышканы белгилүү болду.
Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурбек Токтосуновдун SUPER.KG порталына билдиришинче, бир тууган Дүйшөнбековдор үйүнөн 8 миң сом акчаны алып чыгып кетишкен. Алар алгач Кара-Балта шаарына барып ойноп, кайра үйүнө келүүдөн коркуп Ноокаттагы таенесинин үйүнө бармакчы болушкан.
"Бишкек-Ош жолуна чыгып, Ош, Баткен тарапка жүргүнчү ташыган таксистке "Ноокатка таенебиздикине барабыз, апам жиберди, ала кетиңиз" деп алдап, кетип калышкан. Бирок таксист балдардын таенесинин үйүн таба албай Кызыл-Кыяга алып барган. Ошол жерден алар милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн. Ата-энелери барганча балдар кризистик борбордо болушкан", - деди Токтосунов.
Балдар кайда экени белгилүү болгон күнү эле ата-энелери аларды алып келүү үчүн Кызыл-Кыяга кетишкен. Бир туугандар Рамазан Дүйшөнбеков 12, Тахмина Дүйшөнбекова 9 жашта болсо, алардын кошунасы Айгерим Сыдыкова 10 жашта.