Америкалык актриса Натали Портман бүгүн, 9-июнда 36 жашка толду. Ал 1981-жылы Израилдин Иерусалим шаарында туулган. Гарвард университетинин актёрдук бөлүмүн аяктаган. Жалпы 40тан ашуун тасмада роль жараткан.
Наталинин ата-энеси молдовалыктар болгон. Атасы – доктур, энеси – сүрөтчү. Кичинекей Натали хореография менен муз үстүндө бийлөөгө кызыкчу. 11 жашында аны моделдер агенттигине чакырышкан, бирок Портман башынан эле актриса болууну самаган.
Актрисанын тушоосун Люк Бессон кескен. "Леон" – Наталинин актрисалык кесибинин баштапкы кадамы. Бул тасмага тартыларда Наталинин ата-энеси “кокус, уят болбойлу” дегенсип кызына чоң энесинин фамилиясын беришкен. Ошентип Натали Хершлаг Натали Портманга айланган. Бул тасманын аркасы менен тез аранын ичинде популярдуу болгон актрисага дароо жаңы сунуштар түшө баштайт.
"Леондон" күүлөнүп алган Портман "Алышуу" деген кийинки тасмасында Роберт Де Ниро жана Аль Пачино сындуу улуу актёрлор менен бирге тартылган. Кийин жылына 2 киного тартылууга жетишип, Жулия Робертс, Дрю Берримор сыяктуу алдынкы актрисалар менен чогуу иштешкен.
Атактуу “Жылдыздар согушу” бешилтиги да Наталиге чоң ийгилик алып келген. Мында ал Амидала ханышайымдын ролун аткарганы менен бүткүл дүйнөгө таанылган.
9-июндун жылнаамасы.